((الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَطْعَمَنِي هَذَا، وَرَزَقَنِيهِ، مِنْ غَيْرِ حَوْلٍ مِنِّي وَلاَ قُوَّةٍ)).
(Мени ушуну менен тойгузуп, менин күчүм жана кубатым болбостон ушуну берген Аллахка мактоолор болсун.)
((الْحَمْدُ لِلَّهِ حَمْداً كَثِيراً طَيِّباً مُبَارَكاً فِيهِ، غَيْرَ [مَكْفِيٍّ وَلاَ ] مُوَدَّعٍ، وَلاَ مُسْتَغْنَىً عَنْهُ رَبَّنَا)).
(Аллахка көп, жакшы, берекелүү, үзгүлтүксүз, коштошууга болбой турган жана ар дайым керек болгон мактоо болсун. Ал — биздин Рабыбыз.)(Бул дубанын мааниси боюнча башка пикирлер да бар, алардын бири: Аллахка көп, жакшы, берекелүү мактоо болсун. Ал — тойгузуучу, Өзү тойбогон; Анын алдындагыга умтулууга болот жана Ал — муктаж болуучу, Ал биздин Рабыбыз.)